
Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткен облусуна болгон жумушчу сапары учурунда Баткен шаарында жайгашкан «Суу-Башы» аттуу жаңы 110/35/10 кВ жогорку вольттуу подстанциясын расмий түрдө ачты.
Бул энергетикалык объекттин ишке киришинде Т. Ибраев электр энергиясын пайдалануунун саны жыл сайын өсүп жатканын, бул болсо кубаттуулукту жана генерацияны көбөйтүүнү талап кыларын белгиледи. Ал мындай деди: «Урматтуу иш-чаранын катышуучулары! Силерге маалым, 2025-жылы подстанцияларды куруу жана ири ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо боюнча бир нече долбоорлор ишке ашырылган, ошондой эле чакан ГЭСтер жана күн энергиясы станциялары ишке киргизилген. Жыл сайын электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны өсүп жатат. Биз ири турак жай комплекстеринин жана заводдордун өсүшүн байкап жатабыз. Ошондуктан генерацияны көбөйтүү — бул биздин убакыттын муктаждыгы. Ар бир жаңы подстанция калкты электр энергиясы менен камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Бул подстанция да адамдарга кызмат кылат. Биз өнүгүүнү улантып, калкты жарык жана жылуулук менен камсыз кылууга умтулушубуз керек», — деди министр.
«Суу-Башы» подстанциясынын тейлөө аянты 500 чарчы метрди түзөт. Долбоорду ишке ашыруу Баткен электр тармактары акционердик коомунун жана Баткен шаардык мэриясынын биргелешкен иши аркылуу мүмкүн болду. Долбоордун жалпы наркы 55 млн 758 миң сомду түздү, анын ичинен:
• 19 млн 958 миң сом Баткен электр тармактары тарабынан кошумча материалдарды сатып алууга жумшалды.
• Баткен шаарынын мэриясы жабдууларга 35 млн 800 миң сом бөлдү.
• Курулуш иштерин Баткен электр тармактары өз күчү менен аткарды.
Энергетика министрлиги жаңы подстанция төмөнкү объектилерге туруктуу жана сапаттуу электр энергиясын камсыздай турганын билдирди: Жаңы-Достук айылы, өнөр жай зонасы, «Баткен Сити» турак жай массиви, 10 миң орундук жаңы стадион, Чет-Булак кварталындагы турак үйлөр, Бужум айылы, Россия Федерациясынын колдоосу менен курулуп жаткан орус мектеби, ошондой эле 2224 турак үй.
Мындан тышкары, бул маанилүү энергетикалык объект төмөнкү подстанцияларды да электр энергиясы менен камсыздайт:
• Кара-Булак 35/10 кВ;
• Кара-Токой-1 35/10 кВ;
• Кара-Токой-2 35/10 кВ;
• Ширечь 35/10 кВ.
Подстанция 150 метр аралыкта жайгашкан «Айгүл-Таш – Борбордук» 110 кВ жаңы аба электр линиясына туташтырылды.
Иш-чара учурунда Баткен электр тармактарына өндүрүштүк кубаттуулуктарды жогорулатуу жана авариялык кырдаалдарга ыкчам жооп берүү үчүн авто техникалар жана атайын жабдуулар тапшырылды:
• 3 JAC N 8 маркасындагы унаа;
• 1 JAC N56 маркасындагы унаа;
• 1 SHANMON маркасындагы экскаватор.
Бул жаңы унаалар энергетиктердин күнүмдүк ишинде жардам берет, электр тармактарын тейлөөнүн сапатын жакшыртат жана региондун тургундарына үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыздайт.
Мындан тышкары, Т. Ибраев Баткен электр тармактарынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп, энергетика тармагынын абалы, эмгек шарттары жана анын өнүгүшү боюнча сунуштарды карап, актуалдуу маселелерди талкуулады. Министр кызматкерлердин суроолоруна жооп берип, көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча көрсөтмөлөр берди.