Иштерди аткаруу боюнча генеральдык подрядчы Кытайдын CNEEC (China National Electric Engineering Co. Ltd.) компаниясы болуп саналат.
Эки агрегат үчүн даярдык жана инженердик-техникалык иш-чаралар башталды. Экинчи гидроагрегатты реконструкциялоонун башталышы 1-февралга, биринчи агрегаттыкы болсо 1-мартка белгиленген.




Компаниянын маалыматы боюнча, учурда №2 гидроагрегат боюнча статоранын стерженьдерин чогултуу жана ротордун спицаларын дефектоскопиялык көзөмөл менен чогултуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда №1 гидроагрегат үчүн долбоордук-техникалык даярдык улантылууда.
Бардык иштер белгиленген графикке ылайык, бардык техникалык талаптар жана коопсуздук нормалары сакталуу менен жүргүзүлөт, деп ишендиришет компаниядан.
Параллелдүү реконструкция гидроагрегаттардын орнотулган кубаттуулугун этап-этабы менен жогорулатууга мүмкүндүк берет. Реконструкциянын аякташы менен 2025-жылдын аягына чейин Уч-Курган ГЭСинин кубаттуулугу 18 МВтка жогорулайт, ал эми 2026-жылдын аягына чейин жалпы өсүш 36 МВтты түзөт.