Талкуунун негизги предмети Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору болду.
Дүйнөлүк банк бул маанилүү долбоорду каржылоого даяр экенин билдирди, бул учурда экологиялык, социалдык аспекттерге жана туруктуу өнүктүрүү боюнча эл аралык стандарттарга көңүл бурулат.
Ошондой эле жолугушууда төмөнкү инициативалар каралды:
- «Борбордук Азияда электр энергиясын регионалдык интеграциялоо жана соодалоо программасы (REMIT)» долбоору
- Бул долбоордун негизги максаты Жалал-Абад облусунда электр тармактарын бекемдөө, регионалдык электр энергия соодасын колдоо, ошондой эле Борбордук Азиядагы энергетикалык инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.
- Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар энергетика секторунун туруктуу өнүгүшүнө, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жана региондогу энергетикалык өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө ачык жана конструктивдүү кызматташтыкты улантууга ниеттенгенин билдиришти.
Эки тараптуу жолугушууга энергетика министри Т. Ибраев, энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк банктын регионалдык директору Наджи Бенхассин, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Хью Ридделл, Европа жана Борбордук Азия үчүн энергетика жана кен иштери боюнча менеджер Стефани Гил-Практикис жана Дүйнөлүк банктын башка кызматкерлери катышты.