
2026-жылдын 11-февралынан баштап Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде товарларды навигациялык пломбалар менен ташууну милдеттүү түрдө көзөмөлдөө башталат, бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы эскертет.
Навигациялык пломбаларды колдонуу этап-этабы менен ишке ашырылат. Биринчи этапта алардын колдонулушу төмөнкү учурларда жүк ташуулар үчүн милдеттүү болот:
– алкоголь продукцияларын ташууда;
– тамеки буюмдары үчүн;
– ЕАЭБ өлкөлөрүндө атайын экономикалык чаралар коюлган товарларга.
Кыргыз Республикасында навигациялык пломбалар орнотулат:
- Кыргызстан-Казакстан чек арасындагы өткөрмө пункттарынын жанындагы автоунаа маршруттарында товарларды эсепке алуу пункттарында (мисалы, Чалдыбар, Ак-Жол, Ак-Тилек, Чон-Капка, Каркыра);
- темир жол станцияларында вагондорду жүктөө учурунда (Бишкек-1, Аламедин, Рыбачье, Кара-Балта, Каинды, Беловодская, Шопоково, Кант жана Токмак).
Навигациялык пломбаларды алуу:
- автомобиль ташууларында товарды кабыл алуучунун аймагында;
- темир жол ташууларында көрсөтүлгөн станцияларда жүктөөдөн кийин.
Жүк ташуучулар, жөнөтүүчүлөр жана экспедиторлор пломбаны орнотуудан 6 саат мурун Мамлекеттик салык кызматына электрондук почта аркылуу зарыл маалыматтарды жөнөтүүгө милдеттүү: [email protected].
Навигациялык пломбага жүктөө үчүн зарыл маалыматтар жана тышкы экономикалык ишмердик катышуучуларынын Мамлекеттик салык кызматы жана улуттук оператор менен өз ара аракеттенүү тартиби тууралуу маалыматтар Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтындагы «Билим базасы» — «ЕАЭБ алкагында навигациялык пломбалар» бөлүмүндө sti.gov.kg дарегинде жеткиликтүү.
Маанилүү белгилеп өтүүчү нерсе, тышкы экономикалык ишмердик катышуучулары берилген маалыматтардын тактыгы жана аларды чыныгы ташылып жаткан товарларга ылайык келүүсү үчүн жоопкерчилик алышат.
Кызматтардын жана тарифтердин төлөмүнө байланыштуу суроолорду улуттук операторго — «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКсына расмий сайттагы gti.kg дареги боюнча байланыштар аркылуу жөнөтүү керек.
Башка суроолор боюнча Мамлекеттик салык кызматынын колл-борборуна 116 номерине же 0 (312) 62-21-07 телефонуна кайрылсаңыз болот.
Бул жаңы эрежелер Евразия экономикалык комиссиясынын чечими жана навигациялык пломбаларды киргизүү боюнча ЕАЭБ макулдашуусуна ылайык киргизилет.