Баткенде 1400 км жогорку вольттуу аба линиялары оңдоп-түзөө иштерине алынат

Юлия Воробьева Эксклюзив
VK X OK WhatsApp Telegram
Баткенде 1400 км жогорку вольттуу аба линиялары оңдоп-түзөө иштерине алынат

Бул иштер марттан ноябрга чейин этап-этабы менен жүргүзүлөт, Кадамжай, Лейлек жана Баткен райондорун камтыйт. Азыркы учурда пландалган оңдоп-түзөө иштер Сулюктун участогунда башталды, анда 110 кВ «Ходжа-Бакирган – Арка» жана «Арка – Морская» аба линиялары 7 км узундукта реставрацияланууда. Бул иштердин алкагында 190 эски изолятор алмаштырылат, ошондой эле линиялык арматура жаңыланат жана бардык техникалык талаптарга жооп берген заманбап жабдуулар орнотулат.

Бул иш-чаралардын негизги максаты — туруктуу жана ишенимдүү электр энергиясын камсыз кылуу, авариялык өчүрүүлөрдүн тобокелдиктерин минималдаштыруу, технологиялык жоготууларды азайтуу жана жогорку вольттуу линиялардын абалын жакшыртуу.

2025-жылы Баткен электр тармактары ишканасы олуттуу иштерди жүргүзгөнүн белгилеп өтүү зарыл: 220/110/35 кВ линияларына 7200 эски изолятор алмаштырылып, 7513 жаңы айнек изолятор орнотулган. Пландалган оңдоп-түзөө иштеринде 1264,75 км жогорку вольттуу линиялыр камтылган, алардын ичинен 134,6 км капитальный ремонттон өткөн.

Эгерде сизде электр энергиясын камсыз кылуу боюнча суроолор болсо, 24 саат бою иштеген колл-борборго кайрылыңыз:

Колл-борбордун номерлери: 105;

Мобилдик телефондор:

0221 33-36-02 - Баткен РЭС

0772 46-04-01 - Сулюкта РЭС

0221 55-54-78 - Лейлек РЭС

0221 55-54-68 - Кадамжай РЭС

0773 94-07-07 - Кызыл-Кыя РЭС
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: