Учурда долбоордун алкагында төмөнкү иштер аткарылды:
- Участкаларды пландоо - 80%;
- Тосмолорду орнотуу - 95%;
- Биринчи кезектеги опордук конструкцияларды жеткирүү - 50%;
- Биринчи кезектеги опордук конструкцияларга свайларды уруп киргизүү - 6%;
- Селезащиттик курулмаларды, анын ичинде суу өткөргүч канал жана дренаждык көлмөлөрдү куруу - 50%;
- 220 кВ ЛЭП үчүн опорлордун котлованын даярдоо - 40%;
- Опорлорду чогултуу уланууда.
100 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы 2026-жылдын 31-августунда эксплуатацияга берилет деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Ибраев «РЭЦА» компаниясы тарабынан курулуп жаткан күн электр станциясынын курулушун текшерди. Ал долбоордун директору Фам Минь Баг жана курулуш алаңынын жетекчиси Нгуен Минь Туан менен жолугуп, долбоордун жүрүшү тууралуу маалымат алышты. Алардын айтымында, учурда 17 МВт күн электр станциясынын курулуш иштеринин 10% аткарылган.
Учурда жумушчулар үчүн убактылуу турак жай курулушу аяктады, подстанциянын негизги фундаментин куюу иштери жүргүзүлдү, ошондой эле 110 кВ электр өткөргүч линиясынын 50%ы тартылды. 175 МВт кубаттуулуктагы долбоордун биринчи фазасын аяктоо 2026-жылдын биринчи жарымында пландалууда.
Энергетика министри компаниянын жетекчилигине иштердин сапаты жана темпин көзөмөлдөөнү күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду, курулуш мөөнөттөрүн сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.