Ички иштер министрлиги такси ишмердүүлүгүн лицензиялоонун мөөнөтүн узартты
Ички иштер министрлиги такси үчүн лицензия берүү мөөнөтүн 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартканын ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Жеке автоунаалар менен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн лицензия берүү 2025-жылдын 12-сентябрында башталган. Андан кийин, өкмөттүн токтомуна ылайык, лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылган.