Бишкекте Темир Бирназаровдун «Туткун» фильминин премьерасы өтөт
Кыргызстандын борбору Бишкекте 24-январда «Ала-Тоо» кинотеатрында режиссёр, маданияттын эмгек сиңирген ишмери Темир Бирназаровдун түзгөн узак күтүлгөн толук метраждуу көркөм фильми «Туткун» премьерасы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Фильм Т. Океев атындагы Улуттук кино студиясы «Кыргызфильм» тарабынан иштелип чыккан.