Талас облусунда республикалык олимпиаданын 2-этабы өтүп жатат

Сергей Мацера Билим берүү
VK X OK WhatsApp Telegram
11-февралдан 12-февралга чейин Талас облусунда республикалык олимпиаданын экинчи этабы өтүүдө. Бул тууралуу Turmush агенттигинин кабарчысы Талас облустук билим берүү борборунан маалымдады.

Ведомстводон алынган маалыматка ылайык, олимпиадага катышуучулардын жалпы саны төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

Талас району жана Талас шаары — 249 окуучу;

Бакай-Ата району — 254 окуучу;

Айтматов району — 375 окуучу;

Манас району — 343 окуучу.

Жалпысынан олимпиадада облустан 1 221 мектеп окуучусу катышууда.

Тапшырмалар убагында жеткирилди жана ийгиликтүү аткарылды, кандайдыр бир тартип бузуу же кечигүү болбоду.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: