25 миңден ашык окуучулардан «Коркпо, билдир» анонимдүү функциясы аркылуу кайрылуулар келип түштү
2025-жылдын башынан бери «Коркпо, билдир» анонимдүү функциясы аркылуу, электрондук күндөлүк «Кундолукка» интеграцияланган, 25 миңден ашык окуучулардан кайрылуулар катталган. Бул тууралуу КР Билим берүү министрлигинин тарбия жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эркимбеков «Кабар» агенттигинин «Элге собол» программасынын түз эфиринде билдирди. Эркимбековдун айтымында, бул функция балдарга карата зомбулук учурларын тез арада аныктоо жана алардын корголушун камсыздоо