Ремонттон кийин Бишкекте балдарга жардам берүү борбору кайрадан ачылды

Сергей Гармаш Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Ремонттон кийин Бишкекте кайрадан балдарга жардам берүү борбору ачылды
Бишкек мэриясынын маалымат кызматынын сүрөтү
Зомбулукка жана катаал мамилеге кабылган балдар үчүн баш калкалоочу борбор, капиталдык ремонттун аякташы менен кайрадан ишин баштады. Бишкек мэриясынын орун басары Виктория Мозгачева жаңыланган мекемени зыярат кылып, имараттын шарттарын жакшыртуу жана айлананы көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштер менен таанышты.

Мэриянын маалымат кызматына ылайык, бул борбор 11 жылдан ашуун убакыттан бери кыйын жашоо шарттарына кабылган, анын ичинде зомбулукка кабылган, ошондой эле майып балдар жана алардын үй-бүлөлөрүнө акысыз социалдык, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүп келет.

Визит учурунда Виктория Мозгачева жаңы, толук жабдылган кабинеттер менен, ошондой эле пандустар, кирүү жолдору жана автоунаа токтотуучу жайлар менен таанышты. Ал ошондой эле кирүү зонасын жана балдар үчүн оюн бөлмөлөрүн, консультациялык бөлмөлөрдү карап чыкты.

Бардык иштер социалдык өнүктүрүү объектилерин капиталдык ремонттоо жана куруу планынын алкагында жүргүзүлдү.

Борбор Карасаева көчөсүндө, 73-үйдө (14-орто мектептин чыгыш канатында) жайгашкан. Мэрияда, эми ал балдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн жеткиликтүүлүк, коопсуздук жана комфорт талаптарына толук жооп берээрин белгилешти.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: