Россияда 66 кыргызстандыкка 1 млн рубль жумуш акысы боюнча карыз төлөндү

Евгения Комарова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россияда өз жарандарын жалаакы төлөмдөрүн төлөтүү боюнча колдоо көрсөттү.

Ведомство 66 кыргызстандык биргеликте кайрылганын билдирип, андан кийин ООО ПСО «Газспецстрой» менен маселени чечүү үчүн бардык зарыл кадамдар жасалганын маалымдады.

Жасалган иштердин натыйжасында жалаакы боюнча карыз толугу менен төлөнүп, жалпы төлөм суммасы 1 000 000 рубльди түздү.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: