
12-февралда саат 10:00дөн 16:00гө чейин Дачное айылында ичүүчү суу убактылуу токтотулат, деп билдирди Бишкек мэриясы.
Токтотуунун себеби — ушул айылдагы «Дачное» суу алуу жайында жүргүзүлүп жаткан авариялык-ремонттук иштер.
МП «Бишкекводоканал» мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарга жана уюмдарга алдын ала керектүү көлөмдө ичүүчү суу даярдоону сунуштайт.
