Баш калаанын мэриясы анын калыбына келтирүү зарылдыгына акырындап көңүл бура баштады.
Сарай тууралуу тарыхый фактылар
Архитекторлор В. Маруков жана Н. Костин имараттын долбоорун 1941-жылы иштеп чыгышкан, бирок ошол убактагы жагдайларды эске алганда, курулуш токтоп калган. Сарай 1974-жылы гана ачылып, В. И. Ленин атындагы Спорт сарайы деген атка ээ болду. Ал убакта ал мындай көрүнүштө болгон:1993-жылы бассейн ижарага берилген жана бир аз убакытка чейин иштеп турган. Бирок жакын арада ал кулаган жана авариялык абалда деп табылган. Натыйжада, кыска мөөнөттө бул жерде роллерлер үчүн аянтча уюштурулган, бул болсо спортко жана имаратка, ошондой эле Кожомкулга болгон сый-урматтын жоктугу катары эсептелген элдин бир бөлүгүнүн нааразычылыгын жаратты.
Кийин бассейн толугу менен кыйраган, азыркы учурда бул жерде болгону бош жер калды.
«Эң башында имаратты өткөрүп берүү маселесин чечүү керек, андан кийин долбоордук иштер жазында башталат. Реконструкция кандай жүргүзүлөрүн аныктаган соң, бул тууралуу сөзсүз маалымат беребиз», — деп билдиришти Бишкек мэриясынан.