Базар-Коргондо 43,2 млн сомго жаңы административдик имарат ачылды

Арестова Татьяна Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
11-февралда Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айылдык аймагында жаңы административдик имараттын ачылышы болду. Бул тууралуу Turmush агенттигинин кабарчысы билдирет.

Иш-чарада жергиликтүү жана облустук бийлик өкүлдөрү катышты.

«Эки кабаттан турган имарат республикалык бюджеттин каражаты менен курулду. Анын курулушуна бөлүнгөн жалпы сумма 43 миллион 288 миң сомду түздү», - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Жаңы административдик имараттын аянты 700 квадрат метрди түзөт. Ал заманбап стандарттарга жооп берет жана бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган», - деп кошумчаланды маалымат жыйынында.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: