Учурда "Сосновка" жана "Арал" өткөрүү пункттарында убактылуу чектөөлөр киргизилди, бул бардык түрдөгү транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук кылууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, көчкүнүн узундугу болжол менен 100 метр, бийиктиги болсо 5 метрге жетет.
Жолду тазалоо №23 жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө, атайын техника тартылган, иштер активдүү режимде улантылууда.
Кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.
Жүргүнчүлөрдөн сак болууну жана убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранышат.