
Кыргызстандын борбору Бишкекте «Жашыл такси» аттуу долбоорду ишке киргизүүгө даярдык көрүлүүдө. Кыргызстандын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдиргендей, бул демилге Улуттук инвестициялык фонд менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда.
Азыркы учурда тараптар долбоорду ишке ашыруунун деталдарын жана механизмдерин, ошондой эле анын мүмкүн болгон артыкчылыктарын талкуулап жатышат. Министрликте экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү айлана-чөйрөнү коргоо, абанын сапатын жакшыртуу жана шаарлардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн маанилүү экендигин белгилешти. Бул багытта иштер туруктуу негизде улантылат.