
Кыргызстандын борбору Бишкекте, бүгүн, табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри менен Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өттү.
Талкуу учурунда, министрлик өкүлдөрү Германиянын Федералдык экономика жана климатты коргоо министрлиги тарабынан каржыланган «Жашыл шаарлар» регионалдык долбоорунун ишке ашырылышынын башталышы жөнүндө билдиришти.
Долбоор Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанды камтыйт, ал эми Кыргызстан тараптан негизги өнөктөш болуп табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги саналат.
Бул демилгени ишке ашыруунун негизги максаты — эл аралык жана регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле туруктуу шаардык өнүгүү боюнча алдыңкы практикалар менен алмашуу. Ошондой эле долбоор шаарлардын туруктуу өнүгүүсү үчүн мастер-план түзүүнү жана институттук потенциалды жогорулатууну көздөйт. Демилгени ишке ашыруу алкагында катышуучу өлкөлөрдүн шаарлары арасында тажрыйба алмашуу, климаттык чечимдерди иштеп чыгуу жана экологиялык процесстерди башкарууда заманбап ыкмаларды киргизүү боюнча иш-чаралар пландалган.
Жолугушуунун катышуучулары «Жашыл шаарлар» долбоорунун алкагында туруктуу жана экологиялык жактан коопсуз шаардык чөйрөнү түзүү максатында, андан аркы кызматташууга жана конкреттүү кадамдарды ишке ашырууга даярдыктарын белгилешти.