Каныбек Туманбаев эски айдоочулук күбөлөлөрдү алмаштыруу кампаниясы канча убакытка созуларын билдирди

Анна Федорова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Эски мөөнөтсүз айдоочулук күбөлөлөрүн алмаштыруу мөөнөтү 2026-жылдын аягында аяктайт. Бул тууралуу Туманбаевдин Ош шаарындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо мамлекеттик борборунун филиалына болгон сапарында маалым болду.

Ал айдоочуларга тынчсызданбашын белгилеп: "Качан кааласаңыз, ошол убакта келиңиз — бир айдан, үч айдан же онлайн кылып көрүңүз. Кезекке туруп убара болбоңуз, баарыңыздар үчүн убакыт жетиштүү", - деп кошумчалады.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: