Жыйынга ар кандай тармактардан катышуучулар чогулду: жумушчу топтун мүчөлөрү, виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын өкүлдөрү, виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы жана университеттер.
Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар мурдагы үч жыйынды негизге алып даярдалган «жол картасын» жана блокчейн технологиялары, криптография, киберкоопсуздук жана жасалма интеллект сыяктуу багыттар боюнча ачылуучу жаңы адистиктердин тизмесин карашты. Окутуучулар курамын квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бөлүндү.
Бул маселе боюнча сунуштар Кыргыз улуттук, Ош мамлекеттик, Кыргыз мамлекеттик техникалык жана Кыргыз экономикалык университеттеринен, ошондой эле Мамлекеттик башкаруу академиясынан келип түштү.
Инициативалар үч негизги багытта формулировкаланган:
- профильдик билимге ээ адистерди даярдоо;
- окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу;
- жогорку окуу жайларынын окуу программаларына жаңы дисциплиналарды интеграциялоо.
Бул чаралар өлкөнүн кадрдык потенциалын күчөтүүгө, цифрлык трансформацияны тездетүүгө жана заманбап технологиялар тармагында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган.