
Төлөмдөр мамлекеттик камсыздандыруу алкагында жүргүзүлгөн
Бишкекте үйлөрүн жоготкон үй-бүлөлөргө 1 миллион сомдук камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлдү. Бул маалыматты "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКнын өкүлдөрү билдиришти.
Төлөмдөр борбордун жарандарыменен ушул камсыздандыруу компаниясы менен түзүлгөн келишимдер боюнча жүргүзүлгөн.
"Бүгүнкү күндө Бишкектеги кыймылсыз мүлктүн 25 пайызы мамлекеттик камсыздандыруу менен камтылган. Бул пайызды көбөйтүү зарыл, анткени кырсык күтүүсүз пайда болушу мүмкүн. Биз кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү камсыздандырууну катуу сунуштайбыз, анткени бул кырсык учурунда чыгымдарды калыбына келтирүүнүн жалгыз жолу", - деп баса белгилешти ААКда.
Сүрөт www