КРнын Чикагодогу консулдугу АКШда кармалган кыргызстандык жарандын ишин көзөмөлдөп жатат

Марина Онегина Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргыз Республикасынын Чикагодогу консулдугу АКШда кармалган кыргызстандык жарандын ишин көзөмөлдөп жатат

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги АКШнын аймагында А.М. аттуу кыргызстандык жарандын кармалышы тууралуу акыркы маалыматты комментарийлеп чыкты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда кыргызстандык жаран Аризона штатында жайгашкан «Eloy Detention Center» иммиграциялык борборунда, АКШнын Иммиграция жана бажы кызматтарынын (U.S. Immigration and Customs Enforcement, ICE) көзөмөлүндө турат.

ТИМ ошондой эле Кыргызстандын Чикагодогу Генералдык консулдугу маселени активдүү карап жатканын, АКШнын тиешелүү органдары менен кызматташып, кырдаалдын өнүгүүсүн тыкыр көзөмөлдөп жатканын белгиледи.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: