
Жаңы имараттын аянты 2 563 квадрат метрди түзөт
Бишкекте жаш техниктер станциясынын заманбап имаратынын курулушу активдүү улантылууда, деп билдирди шаардык мэриянын маалымат кызматы.
Учурда курулуш объектинде ички жасалгалоо иштеринин жүргүзүлүп жатканы жана фасаддын иштелип жатканы маалымдалды.
Жаңы имараттын жалпы аянты 2 563 квадрат метрди, ал эми анын жайгашкан жер тилкеси 0,342 гектарды ээлейт.
Имарат беш кабаттуу болот, анын ичинде жертөлө кабаты бар.
Проектте окуу класстары, астрономиялык обсерватория, музей, конференц-зал, ошондой эле бий жана акт залдары, китепкана жана балдардын техникалык жана чыгармачылык өнүгүүсүнө арналган башка жайлар камтылган.
Имаратка жакын аймакта спорттук аянтча, иш-чараларды өткөрүү үчүн жабык навес, автомодельдерди учуруу үчүн зона, картодром жана практикалык сабактар үчүн башка жайлар түзүү пландалууда.