Мындай ярмаркалардын негизги максаты — азык-түлүк бааларын кармап туруу, социалдык жактан уязвимдүү катмардын элге жеткиликтүү товарлар менен камсыз кылуу, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рынокту стабилдештирүү.
Ар жекшемби күнү борбордо, мэриянын колдоосу менен, шаардыктар базар баасынан төмөн баада продукция сатып ала турган ярмаркалар өтөт. Өткөрүүчү жай — Турдакун Усубалиев атындагы аянт, Абдумомунов көчөсүндө Эркиндик бульвары менен Раззаков көчөсүнүн ортосунда жайгашкан.
Ярмарка катышуучуларына төмөнкү талаптар коюлат:
- азык-түлүктөр сапаттуу жана санитардык нормаларга жооп бериши керек;
- товарлардын баасы базар баасынан төмөн болушу керек;
- аймактык агрардык башкармалыктан тастыктоочу документтин болушу милдеттүү.
Кошумча суроолорду 0312661422, 0702702000 телефондору аркылуу берсеңиз болот.