
Маалымат президенттин WhatsApp'ына түздөн-түз жөнөтүлгөн
Президенттин баспасөз катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактарда «президенттин жеке номерине WhatsApp аркылуу байланыш кантип түзүлгөн» деген суроолорго жана комментарийлерге жооп берди. Ал Даниэл Ажиевдин энесинин кайрылуусунун видеосун жарыялап, билдирүү жөнөтүлгөн номердин скриншотун берди.
«Январь айынын башында Даниэл Ажиевдин энеси президент Садык Жапаровго уулун кечирүү өтүнүчү менен кайрылган», - деп тактады Алагозов.