
Жер тилкеси КРСУга мөөнөтсүз пайдаланууга берилет
Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, ошондой эле маданият, спорт жана жаштар иштерине байланыштуу маселелерди караган комитеттин жыйынында депутаттар Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу үчүн жер тилкесин бөлүү боюнча өкмөттөр аралык келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун талкуулашты.
Мыйзам долбоорун билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Бекбосун Борубашев сунуштады. Ал өкмөт Байтик айылдык аймагында КРСУнун кампусун ишке ашыруу үчүн болжол менен 30 гектар жер бөлгөнүн белгиледи. Мындан тышкары, кыргыз тарап жер жана ар кандай инженердик аспектилерге байланыштуу маселелерди чечүү боюнча жоопкерчиликти өзүнө алат.
Россия болсо, кампустун курулушун жана билим берүү процессине керектүү бардык имараттарды курууну толугу менен каржылоону өзүнө алат.
Ошентип, жер тилкеси Кыргыз-Россия Славян университетине мөөнөтсүз пайдаланууга берилет.
сүрөт www