Бул демилге жаңы конуштарда жашоо сапатын жакшыртууга, аларды жашыл жана ыңгайлуу кылууга багытталган. Мындай акцияларга катышуу ар бир жашоочуга өзүнүн жана келечектеги муундар үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө салым кошууга мүмкүнчүлүк берет.
Иш-чаралардын графиги:
- 22-март — «Бакай-Ата»;
- 27-март — «Ак-Ордо-2», «Ак-Ордо-3»;
- 28-март — «Ак-Ордо-1»;
- 29-март — «Рухий-Мурас»;
- 4-апрель — «Калыс-Ордо»;
- 5-апрель — «Мурас-Ордо».
Уюштуруучулар бардык каалагандарды дарак отургузуу акциясына кошулууга жана шаарда жашыл зоналарды түзүүгө жардам берүүгө чакырышат.
«Жашыл конуштар» долбоорунун алкагында жашоочуларды окутуу жана экологиялык демилгелерди колдоо боюнча сабактар өткөрүлөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерге кайрылыңыз: 0755955001.