
Инструменттерди модернизациялоо маселеси 80-жылдардан бери ачык бойдон калды
Бишкектеги Малдыбаев атындагы опера жана балет театры Steinway & Sons компаниясынын D-274 моделиндеги жаңы рояль алды. Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымдады.
Инструментти сатып алуу 15-декабрда болуп, министр Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, анын баасы 25 миллион сомду түздү.
«Театрдагы роялдарды жаңыртуу маселеси 1980–1990-жылдардан бери чечилген жок. Дүйнөдө концерттик роялдарды өндүргөн жыйырмадай компания бар, бирок белгилүү пианисттердин 94% симфониялык оркестрлер менен чыгыш үчүн Steinway роялдарын тандашат», - деп кошумчалашты Маданият министрлигинен.
Сүрөт www