
Грузиянын мурдагы премьер-министри Ираклий Гарибашвили беш жыл түрмөгө кесилип, 1 миллион лари өлчөмүндө айып пулга тартылды, деп билдирет DW.
Мурда экс-премьерге 9дан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу бар эле. Мындан тышкары, Гарибашвилинин үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 6,5 миллион доллар акча конфискацияланган.
Октябрь айынын аягында прокуратура ага ири өлчөмдөгү мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу боюнча айып таккан. Тергөө версиясы боюнча, 2019-жылдан 2024-жылга чейин, коргоо министри, андан кийин премьер-министр болуп турганда, ал ишкердик менен алектенген, ошол эле учурда кирешелерди туугандарынан келген белектер катары каттап, мүлктү жакындарынын атына каттаган.
Гарибашвили «Грузиндик кыял» башкаруучу партиясынын мүчөлөрүнүн бири болуп саналат, ал 2011-жылдан бери партияны колдоп келет. Ар кандай убактарда ал партиянын төрагасынын кызматын да аркалаган.