Документсуз — бульдозердин алдында: Бишкекте кайрадан мыйзамсыз үйлөр жыртылууда

Сергей Гармаш Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
14-январда Бишкек шаарынын Ленин районунун акимиатынын кызматкерлери, Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы менен биргеликте мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштерин башташты. Жоюу иштеринин жүрүшүндө коомдук тартипти сактоо жана мүмкүн болгон конфликттерди алдын алуу үчүн милиция кызматкерлери дежур кылышууда.


Акимиаттын маалыматына ылайык, бузуу иштери МТУ № 10 аймагында 107-контурда, ошондой эле «Ак-Ордо» жана «Орок» турак жай массивдеринде жүргүзүлүүдө. 2021-жылдан 2025-жылдын аягына чейин зарыл уруксатсыз курулган объектилер бузулууда.

Мындан тышкары, 67-контурда Мамлекеттик фонддун жерлеринде эки мыйзамсыз имарат бузулду, ошондой эле 109-номердеги МТУнун 516-контурунда беш жер тилкесиндеги капитальдык тосмолор жоюлду.

Кээ бир мыйзамсыз курулган үйлөрдүн ээлери 31-январга чейин өз имараттарын өз ыктыяры менен жоюу боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмелерин беришти, ошондуктан айрым жер тилкелериндеги иштер убактылуу токтотулду.

Ленин районунун акимиатынын өкүлдөрү мыйзамсыз объектилердин ээлерине 109, 106 жана 107-номердеги МТУ аймактарында жоюу жана жер тилкелерин баштапкы абалга кайтаруу боюнча расмий билдирүүлөр бир нече жолу жөнөтүлгөнүн белгилешти. Ошондой эле, жашоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: