Бул демилге мамлекеттик маалыматтык саясатты күчөтүүгө, басма инфраструктураны өнүктүрүүгө жана мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын эффективдүү иштешин камсыздоого, ошондой эле бюджеттик каражаттарды оптималдаштырууга багытталган.
Жаңы басмакананын структурасына төмөнкүлөр кирет:
- «Кыргыз Туусу» басмаканасы,
- «Слово Кыргызстана» басмаканасы,
- «Байчечекей» балдар журналы,
- «Ала-Тоо» адабий-өнөр журналы.
Ошондой эле, «Жеткинчек» гезитинин жана «Кырчын» журналынын редакциялары жабылат.
Жаңы мекеменин эффективдүү иштеши үчүн штат 22 адамга көбөйтүлөт, ошондой эле жоболор, штаттык расписание жана бюджет иштелип чыгат.
Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө президенттин жана өкмөттүн чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.