
Биринчи радиодо ортопед жана академик Сабырбек Жумабеков саламаттык сактоо системасынын ийгиликтүү өнүгүшү өлкөнүн экономикалык туруктуулугуна байланыштуу экенин баса белгиледи.
Анын билдирүүсүнө ылайык, быйыл медициналык сектордо маанилүү оң өзгөрүүлөр байкалууда.
Академик өткөн жылы Кыргызстанда 30га жакын жаңы медициналык объектилер курулганын маалымдады. Учурда 32ден ашык мекемени куруу боюнча иштер улантылып жатат, алардын арасында ооруканалар, поликлиникалар, ошондой эле үй-бүлөлүк жана илимий борборлор бар.
«Бул мамлекеттик ички демилгелердин туура багытта өнүгүп жатканын ачык көрсөтүп турат», — деди ал.