Кашкар-Кыштак айылында рейд учурунда 12 кабаттуу үйдүн курулуш аянтчасында курулуш материалдарын сактоо жана пайдалануу эрежелери бузулганы аныкталды. Натыйжада курулушту жүргүзгөн ОсОО "Зеромакс" компаниясы жазуу жүзүндөгү эскертүү алып, айып пулга жыгылды.

Курулуш министрлиги рейддин негизги максаты мыйзамдуулукту, сапатты жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле жарандар үчүн потенциалдуу кооптуу кырдаалдардын алдын алуу экенин белгиледи. Ошондой эле иш-чаралар мыйзамсыз курулушка каршы күрөшүүгө багытталган.