
Бишкектеги архитектуралык жана курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы расмий реестрде катталбаган жана зарыл паспортко ээ эмес бир нече объектилерди тапты.



Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү курулуш объектилеринин паспорттору жок экени аныкталды:
- Анкара көчөсү, 1/7;
- Токмок көчөсү, 156 жана 37.
Рейддин жыйынтыгы боюнча Level, Ai-Group жана A-Plus курулуш компанияларына карата административдик чаралар көрүлдү. Текшерүү уланууда.
24.kg маалымат
Бирдиктүү паспорт курулуш объектинин легалдуулугун QR-код аркылуу тастыктаган документ болуп саналат жана курулуш боюнча бардык зарыл маалыматтарды камтыйт. Мындай паспорт белгиленген форматта даярдалып, өлкөдөгү ар бир курулуш аянтчасына жайгаштырылышы керек.