
Бишкекте олимпиадалык резервдин атайын жаштар спорт мектептеринин (СДЮШОР) директорлорунун катышуусунда жумушчу жыйын өттү. Иш-чара мэриянын физикалык тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Каныбек Жолчубековдун жетекчилиги астында өттү.
Талкууланган негизги темалар шаардагы жаштар жана профессионалдык спортко байланыштуу актуалдуу маселелер болду. Катышучулар бюджеттик каражаттарды пландоо жана рационалдуу пайдалануу, шаардык, республикалык жана эл аралык мелдештерди уюштуруу маселелерин карашты.
Спорт мекемелеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, жогорку квалификациялуу спортчуларды даярдоо үчүн керектүү шарттарды түзүүгө жана шаардагы спорт резервин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү.
Учурда Бишкекте жаштар спортунун 12 атайын мектеби иштеп жатат, алар жаш спортчуларды даярдоодо жана борбордун спорттук потенциалын калыптандырууда маанилүү роль ойнойт.