
Оюн башталганда кыргызстандыктар 53-секундда алга чыгышты: ауттан кийин Кайрат Кубанычов өткөрүү жасап, Донер Аманбаев топту дарбазага жиберип, эсепти ачты - 1:0. Бирок көп өтпөй команда кыйынчылыкка учурады: дарбазачы Бекболот Акматалиев борбордук талаада колу менен ойногондугу үчүн кызыл карточка алды, бул ирактыктардын тез жооп голуна алып келди - 1:1.
Биринчи таймдын аяктоосуна жакын ирак командасы дагы бир гол киргизип, эсепти 2:1 кылды. Оюндун экинчи бөлүгүндө Кубанычов күчтүү алыстан урулган сокку менен теңдешти - 2:2. Бирок, ирактыктар кайрадан алга чыгып, үчүнчү жана төртүнчү голдорду кошуп, оюнду 4:2 эсебинде жыйынтыкташты.
Кийинки оюнда Кыргызстан курамасы 29-январда Индонезияга каршы ойнойт.