
Бул жыйында өлкөнүн премьер-министри да катышты. Адылбек Касымалиев 2025-жылдагы маанилүү жетишкендиктерди белгилеп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселелердин ийгиликтүү чечилишин айрыкча белгиледи.
«Кыргыз Республикасы дипломатиялык мамилелерди орноткон өлкөлөрдүн саны 185ке жетти. Биз Африка континентиндеги биринчи элчилигибизди ачтык. Бир жылдын ичинде 190 иш-чара өткөрүлүп, 633 эл аралык келишим жана документке кол коюлду», — деди ал.
Премьер-министр ошондой эле мультимодалдык жүк ташуу, санарип логистикасы жана транспорттук байланыштар боюнча практикалык чечимдерди өнүктүрүүнүн зарылдыгына, ошондой эле шамал жана күн энергиясы, кичи ГЭСтер жана ири туристтик долбоорлорго инвестиция тартуу боюнча долбоорлорду илгерилетүүгө көңүл бурду.
«Биздин республика Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгы өзгөчө мааниге ээ, ошондой эле 2026-жылы Бишкекте өтө турган саммитке даярдык көрүү да маанилүү. Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин убактылуу мүчөсү катары талапкерлигин илгерилетүү боюнча Тышкы иштер министрлигинин аракеттерин улантуу маанилүү», — деп кошумчалады ал, бир катар көрсөтмөлөрдү берди.