
Садыр Жапаров Binance негиздөөчүсүнө Кыргызстандагы туристтик потенциалды көрсөттү.
Мындан тышкары, президент жана Binance негиздөөчүсү курорттун эң бийик чекиттеринин бирине чыгып, айланасындагы тоолорго кооз панорамалык көрүнүштү көрүштү. Чанпэн Чжао кардын сапатын жана көрсөтүлгөн кызматтын деңгээлин оң баалады, региондун белгилүү европалык тоо лыжа курорттору менен атаандашууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин кошумчалады.
Жолугушуунун акыркы бөлүгү чай ичүү форматынын шартында өтүп, Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжао инфраструктуралык долбоорлорду бейформал обстановкада талкуулоону улантышты.