
Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ташиевди каралаган "фейктердин" социалдык тармактарда таралып жатканы тууралуу билдирди.
Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун маалыматына ылайык, социалдык тармактарда генерал Камчыбек Ташиевди дискредитациялоого багытталган фейк аккаунттар менен жүргүзүлгөн кампания жүрүп жатат.
Ал: "Биз генерал Ташиевдин жана анын айланасындагылардын репутациясын каралоого аракет кылган фейк профилдердин активдүүлүгүн байкап жатабыз. Бул коомдо жасалма чыңалуу жаратууну максат кылган провокация катары кабыл алынып жатат."
Орунбеков тиешелүү структуралардын териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын, күнөөлүүлөр аныкталса, жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.
Фото www