
Жайнак Усен уулу.
Жайнак Усен уулу массалык маалымат каражаттары тармагында чоң тажрыйбага ээ. 2015-жылдан 2019-жылга чейин ал "ТРК НТС" телеканалынын башкы директору болуп иштеген. 2019-2020-жылдары Кыргызстандагы коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчиси кызматын аркалаган. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Телевидение жана радиоберүү жөнүндө" мыйзамынын авторлорунун жана демилгечилеринин бири болуп саналат.
Мындан тышкары, анын профессионалдык ишмердүүлүгү санарип телевидениеси тармагында да камтылган. 2015-жылдан 2019-жылга чейин ал ОсОО "Цифровые технологии" компаниясынын башкы директору болуп иштеген.
Мурда маалымат кызматынын жетекчиси болуп иштеген Жайыл Русланов азыр Жогорку Кенештин төрагасынын спичрайтери болуп дайындалды.