
Интернеттен алынган сүрөт
Маалыматка ылайык, ал кызматтан кетүү боюнча арызды өз ыктыяры менен берген. Мирлан Казыбай уулу 2025-жылдын 2-декабрынан бери вице-мэр кызматында иштеп келген.
Мындан тышкары, мурда биринчи вице-мэр Адилет Шаршеналы уулу да өз ыйгарым укуктарын тапшырганын белгилөө зарыл.
Бул кадрдык өзгөрүүлөр шаарды башкаруудагы алмашуулар фонуна туш келүүдө. Эскерте кетсек, жакында президент Ош шаарынын жаңы мэри болуп Жанарбек Акаевди дайындаган.