
Кечээ ал түнкү саат онго чейин шаарды текшерди
Ош шаарынын мэри Жанар Акаев шаарда эс алуу үчүн заманбап жайлардын жетишпей жатканына тынчсыздануусун билдирди. Бул билдирүү ал Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан эски базарды текшерүү учурунда айтылды.
Акаевдин айтымында, парктардын жетишсиздиги шаар тургундарынын жана туристтердин эс алуу сапатына терс таасир этет. «Келген конокторго жана жергиликтүү тургундарга балдары менен жакшы шартта убакыт өткөрө турган ыңгайлуу жайлар керек. Биз ишкерлерди тартууга жана алар үчүн ылайыктуу шарттарды түзүүгө милдеттүүбүз. Эң кызыктуу долбоорлорду сунуштаган адамдар биздин шаарда аларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышы керек», — деди мэр.
сүрөт www