
Жолугушуу учурунда тараптар саясий диалогду бекемдөө жана эки тарапты кызыктырган тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин талкуулашты.
Акылбек Кылычев соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин ар кандай ведомстволору жана бизнес коомчулуктары арасында активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдирди.
Масуд Пезешкиан, өз кезегинде, элчиге дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгилик каалап, эки тараптуу мамилелердин туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Акылбек Кылычев 2024-жылдын ноябрь айында президенттин жардыгы менен Ислам Республикасы Ирандагы Кыргыз Республикасынын элчиси жана Тегерандагы Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалганын белгилеп өтүү керек.