
Ички иштер министринин орун басары жалган маалыматтарды жайылтууга каршы чаралар тууралуу айтып берди
Жогорку Кеңеште өткөн жыйында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев фейк аккаунттардын ээлери, каралоо менен алектенгендер кармалып, алардын үстүнөн мыйзамдуу чаралар көрүлөөрүн билдирди.
Абдиев мамлекетти жана жогорку кызматтагы чиновниктерди каралоо учурларын иликтөө боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
«Жакында мамлекеттин репутациясына зыянын тийгизүү үчүн эки фейк аккаунт ачкан аял кармалды. Анын үстүнөн кылмыш жоопкерчилиги чаралары колдонулат. Биз мындай учурлар боюнча жарандардын ар бир кайрылуусуна жооп беребиз», - деп кошумчалады ал.
Сүрөт www