Жолугушуунун күн тартибинде биргелешкен инициативаларды ишке ашыруу, анын ичинде заманбап чечимдерди киргизүү жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жана экономикалык коопсуздукту жогорулатуу максатында тажрыйба алмашуу маселелери каралды.
Филипп Амон мамлекеттик суверенитетти экономикалык жана санариптик тармактарда бекемдөөгө, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун ачыктыгына жана натыйжалуулугуна жогорулатууга мүмкүндүк берген бир катар технологиялык жаңычылыктарды сунуштады.
Бюджеттик кирешелерди жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнө, салык администрирлөөсүн жакшыртууга, кара экономика менен күрөшүүгө жана товар жүгүртүүнү көзөмөлдөөнү жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулду.
Талкуу учурунда мындай чечимдерди киргизүү экономикалык коопсуздукту бекемдөөгө, мыйзамсыз ишмердүүлүккө каршы күрөшүүгө жана мамлекеттик институттардын натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берери белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптардын ортосунда кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусу бекемделди.
Маалымат 24.kg
SICPA SA — контрабанда жана контрафакттык продукция менен эффективдүү күрөшүү, ошондой эле салык төлөөдөн качууну алдын алуу боюнча мониторинг жана контролдоо технологияларын иштеп чыгууга адистешкен Швейцариянын рыногундагы лидерлердин бири.