Жыйындын ишине Кеңештин мүчөлөрү, ар кандай мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын катышуучулары майып балдарды колдоого багытталган иш-чаралар тууралуу отчетторду карап чыгышты, майыптыктын алдын алуу боюнча чараларды, анын ичинде скрининг ыкмасын жайылтуу жана анын киргизилиши менен байланышкан көйгөйлөрдү, ошондой эле өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар үчүн инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, 2026-2030-жылдарга чейин психофизикалык өнүгүү өзгөчөлүктөрү бар адамдар үчүн психологиялык-медициналык-педагогикалык колдоо шарттарын түзүүгө багытталган Программаны Кыргызстандын аймагында ишке ашыруу үчүн иш-чаралар планынын презентациясы сунушталды.














Жыйналыштын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик саясатты жакшыртуу үчүн сунуштар формаланып, кийинки кадамдар аныкталды.