Сүрөт КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматына таандык.
Аль-Анани Кыргызстандын ЮНЕСКО долбоорлорунда активдүү катышуусун жогору баалап, VI Дүйнөлүк кочевниктер оюндары жана Ч. Айтматовдун атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму үчүн патронат берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин билдирди.


Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстан менен ЮНЕСКО арасында практикалык өз ара аракеттешүүнү күчөтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга үмүт артарын билдиришти.