
Текшерүү учурунда жерлер мурда «Жемиш» ААКсынын менчигинен мыйзамсыз чыгарылып, компаниянын акционерлери жана кызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрүлгөнү аныкталды.

Оперативдик аракеттердин натыйжасында мурдагы акционерлер жана «Жемиш» ААКсынын кызматкерлери 30 гектар жерди шаардык аймакты кеңейтүү үчүн өткөрүп берүүгө макул болушту. Муниципалдык бийлик бул жерде жаңы турак жай массивин курууну пландаштырууда. Кайтарылган жерлердин баалоочу наркы 22 миллион сомдон ашат.