Жарлыктын негизинде, кызматынан бошотулгандар:
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары Курванбек Авазов;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин орун басары жана Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбордун директору Даниэль Рысалиев;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин орун басары жана Антитеррордук борбордун директору Элизар Сманов.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Жумгалбек Шабданбеков дайындалды.