
Шектүү «Альфа ПВП» ташып жүргөн
Кыргызстанда 5 кг синтетикалык наркотик менен Казакстан жараны кармалды. Бул тууралуу маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) берди.
Ведомствонун басма сөз кызматынан такталгандай, кармоо 8-февралда болгон, шектүүнүн колунда «Альфа ПВП» деп аталган зат табылган.
Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоо изоляторуна жайгаштырылды.
Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.
Сүрөт www